АКШнын алдыңкы аналитикалык борборлорунун тыянактарына ылайык, өлкө Иран менен жаңы масштабдуу согушка даяр эмес. Ак Үйдөгү технократтар бул кооптуулукту түшүнүп, Израилдин кызыкчылыгы үчүн да Ирак менен Афганистандагы жаңжалдар сыяктуу жаңы баракты ачкысы келбейт.
Бул шартта жаңы түрдөгү каршылашуу ыктымалдыгы жогору — гибриддик, прокси, маалыматтык-диверсиялык согуш, анда чыңалуулар толкун-толкун менен болуп турат, бирок толук масштабдуу фазага өтпөйт. Бул узакка созулган, бөлүк-бөлүк, башкарууга мүмкүн болгон, чарчатып-алсыратуучу согуш болот.
АКШнын Ирандын өзөктүк объекттерине массалык сокку уруу ыктымалдыгы да аз. Анткени баары түшүнөт — Иран мындай соккуларга жооп кылып, аймактагы бардык америкалык аскер базаларга ракеталык сокку урат. Мындан сырткары, Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт, БАЭ сыяктуу өлкөлөр өз аймагын АКШнын агрессивдүү аракеттери үчүн колдонууга уруксат бербеши мүмкүн. Ормуз кысыгындагы туруксуздук коркунучу эле дүйнөлүк нефть рыногунда баалардын көтөрүлүшүнө жана инфляцияга алып келет. Азыр деле Brent мунайынын баасы жогорулап же түшүп, импортко көз каранды өлкөлөрдүн экономикасына таасир этүүдө.

Эгерде Иран Ормуз кысыгын толук жаап салса, бул нефть бааларынын мурда болуп көрбөгөндөй секиришине жана дүйнөлүк экономикалык коллапска алып келет.
Бирок каршылашуу улана берет. Иранга карата санкциялар күчөтүлүшү мүмкүн, диверсиялык жана террордук топтор активдешет, өлкөнүн ички коопсуздугун бузууну көздөгөн массалык баш аламандыктар уюштурулушу мүмкүн. Максат — өлкөнүн түзүлүшүнө шек келтирүү.
Д. Трамп менен Б. Нетаньяхунун согуштук риторикасына карабастан, Иран менен Израилдин ортосунда АКШ катышкан масштабдуу согуш күтүлбөйт. Бул бир катар стратегиялык, саясий жана логистикалык себептерге байланыштуу.
Биринчиден, АКШ үчүн бул геосаясий жактан ыңгайсыз жаңжал. Афганистан менен Ирактан кийин Жакынкы Чыгышта жаңы согуштук авантюра — бул саясий өзүн-өзү жок кылуу. АКШ жана НАТО азыркыга чейин Йемендин хуситтерине каршы эч нерсе кыла алган жок. Ошондой эле 20 жыл Афганистанда талибандарга каршы согуш натыйжа бербеди. Израил да 2024-жылдан бери Газадагы ХАМАСты жеңе албай келет.

Экинчиден, АКШ азыр Кытай менен экономикалык согушта, тарифтер киргизилип, ички проблемалар күчөп жатат. Ак Үй жаңы, кымбат жана натыйжасыз согушту көтөрө албайт.
Үчүнчүдөн, Иран мурдагыдай эмес — азыр анын заманбап баллистикалык ракеталары бар. Алар Израилдин “темир куполун” тешип өтүп же Ирактагы америкалык базага тийген. Иран бул стратегияны ондогон жылдар бою курууда. Региондогу прокси-топтор — бул өзүн-өзү коргоонун алдын ала пландалган инструменти. Ирандын 88 миллиондук калкы, мобилизациялык мүмкүнчүлүгү жана идеялык мотивацияга ээ армиясы бар.
АКШ, Израил жана Ирандын ортосундагы кургактагы согуш дээрлик мүмкүн эмес. Бул масштабдуу мобилизацияны, логистикалык системаны толук өзгөртүүнү жана үчүнчү өлкөлөрдүн катышуусун талап кылат. Иран — бул Сирия же Ирак эмес. Географиялык, саясий жана аскердик жактан ал кыйла туруктуу жана коргонууга жакшы даярданган.
Согуштук кургактагы операция — бул блицкриг эмес, узакка созулган, кымбат жана жарандар арасында колдоого ээ болбой турган согуш болот. Израилдин Иранга жер үстүндөгү чабуулу АКШнын түз колдоосу болбосо, таптакыр мүмкүн эмес. Израилдин артыкчылыгы — авиация, технология жана чалгындоо — бул кыска мөөнөттүү операцияларга жарактуу, бирок Иран менен узак согуш үчүн жетишсиз.
Иран Палестинанын каршылыгын толук колдой турганын символикалык эмес, реалдуу түрдө жарыялады. Дамасктагы иран консулдугуна сокку, КСИР генералдарынын өлүмү, Йемен, Ирак жана Ливандан жасалган массалык аткылоолор, Израилге багытталган ракеталык соккулар — мунун баары көп деңгээлдүү согуштун бөлүгү.
Израил бүгүнкү күндө өзгөчө кырдаалда. Азырынча Д. Трамптан толук колдоо алууда, бирок келечекте ал шарттуу болуп калышы мүмкүн. АКШда Трамп саясий кыйынчылыктарга туш болууда. Европа анын тышкы саясатын сындап жатат, НАТО түздөн-түз катышууну каалабайт. Перс булуңундагы араб өлкөлөрү же унчукпай, же “кооптонуу” билдирүүдө.

Эң маанилүүсү — Иран согуштан коркпой калды. Ал согушту издеп жаткан жок, бирок ага даяр. Тегеранда, балким, жакшы түшүнүшөт: Трамп коркутуп-үркүтүү менен блеф кылууда жана бизнесмен катары реалдуу чыгымдарга жана курмандыктарга баргысы жок. Израил менен АКШнын региондогу мурдагы таасирин кайтаруу бир нече ракета жана авианосец менен мүмкүн эмес. Кургактагы операция АКШ үчүн логикага каршы, анткени элдин колдоосу жок, татаал логистика талап кылынат, ал эми Кытай же Россия тартылып кетиши мүмкүн.
Ошондуктан, каршылашуу мурункудай эле гибриддик формада уланып, чектелген соккулар, маалыматтык чабуулдар жана Ирандагы ички туруксуздукту козутуу аракеттери аркылуу уланат.
Бирок экинчи сценарий да бар — толук масштабдуу, авантюристтик согуш, ал бүтүндөй регионду жалмап, үчүнчү дүйнөлүк согушка айланышы мүмкүн. Мындай логикасыз, кооптуу чечимди, тилекке каршы, болжолдуу эмес Д. Трамп менен Б. Нетаньяху кабыл алышы мүмкүн. Анткени азыр абал “ит куйрукту эмес, куйрук итти башкарып жаткандай” сезилет.
Автор: Кадыр Маликов















