2025-жылдын биринчи кварталында Тажикстан менен Ирандын ортосундагы тышкы соода жүгүртүү дээрлик 43%га өсүү менен 111 миллион долларды түздү.
Тажикстан менен Иран кызматташтыкты анын ичинде экономикалык чөйрөдөгү алаканы кеңейтүүдө.
Эки өлкөнүн жетекчилеринин тапшырмаларын жана багыттарын ишке ашыруунун жана өз ара пайдалуу кызматташуунун натыйжасында эки тараптуу тышкы соода жүгүртүү өстү.
Бул тууралуу Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Завки Завкизода Ирандын биринчи вице-президентинин орун басары Али Наджафи Хошруди менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын биринчи кварталында эки тараптуу тышкы соода жүгүртүү 111 миллион долларды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42,9%га өскөн.
Ошону менен бирге тажик министри 2024-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 378 миллион долларды түзүп, бул 2023-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп экенин баса белгиледи.
Завки Завкизода Тажикстанда курулуш продукциясын өндүрүү, химиялык өнөр жай, фармацевтика, текстиль, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча биргелешкен өнөр жай ишканаларын түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Салыштырмалуу арзан жумушчу күчүн жана жашыл энергияны колдонуу экологиялык жактан таза товарлардын жана продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоого жардам берет», – деди ал.
Өз кезегинде Али Наджафи Хушруди эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө токтолуп, транзиттик коридорлорду колдонууга, көргөзмөлөрдү өткөрүүгө жана аларга жеке секторду тартууга, түз чет элдик инвестицияларды тартууга, туризмди өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Белгилей кетсек, Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президентинин орун басары Али Наджафи Хошруди ирандык делегацияны баштап Тажикстандын борбору Душанбеге 15-апрелде келген.
Наджафинин сапары үч күнгө 17-апрелге чейин созулат.
Сапардын алкагында ал Тажикстандын премьер-министри жана биринчи вице-премьер-министри менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүүдө.
Ушул эле тапта Тажикстандын коргоо министри Эмомали Собирзода учурда Иранда расмий сапары менен жүрөт. Ал Ирандын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен коопсуздук жана коргонуу маселелерин талкуулап жатат.

















