АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай менен бажы жана соода келишимине ачык экенин билдирди. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Ливитт журналисттерге берген брифингинде билдирди.
Ливитт АКШ менен Кытайдын ортосундагы бажы тарифтериндеги чыңалууга байланыштуу жаңы билдирүүлөрдү жасады.
«Эми топ Кытай тарапта. Кытай биз менен келишимге келиши керек. Биз алар менен келишим түзүүгө милдеттүү эмеспиз», – деди Ливитт.
Ал Кытайды башка өлкөлөрдөн өлчөмү гана айырмалап турат деп мүнөздөп, мындай деди:
«Кытай бизде бар нерсени каалайт — америкалык керектөөчүнү, башкача айтканда, биздин акчабызды. Президент Трамп Кытай менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирген, бирок бул жерде келишимди түзүү жоопкерчилиги Кытай тарапта».
Ошондой эле Ливитт көптөгөн мамлекеттер менен бажы жана соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, айрым мамлекеттер жооп чара көрбөгөнүн белгиледи:
«Жакынкы күндөрү айрым өлкөлөр менен бажы тарифтери боюнча келишимдерибизди жарыялайбыз», – деди ал.
Айрым автотетиктердин экспортуна салыктан жеңилдик берүү жөнүндө суроого жооп берип жатып, Ливитт мындай деди:
«Президент Трамп бул бажы сүйлөшүүлөрүндө ийкемдүүлүк көрсөтүп жатат жана ар бир өлкө менен адилеттүү шартта келишим түзүүгө даяр».
АКШ-Кытай соода тиреши
Кытай АКШнын тарифтерди көтөрүүсүнө биринчи жооп кайтарган өлкө болду жана сүрөттөш чараларды кабыл алды. Натыйжада АКШ Кытай товарларына болгон бажы төлөмдөрүн 145%га чейин, ал эми Кытай АКШ товарларына 125%га чейин көтөрдү.
Вашингтон администрациясы башка өлкөлөргө каршы жооп чараларды 90 күнгө кечеңдетсе, Кытайга карата тарифтер дароо күчүнө кирди.
Кийинчерээк Трамп айрым технологиялык товарлар — смартфон, ноутбук, катуу диск, компьютер процессору жана чиптер — кошумча пошлинага алынбай турганын жарыялады.















