Кыргызстандын Улуттук инвестиция агенттиги менен кытайлык Cecep Solar Energy компаниясы Баткен облусунда 600 мегаватттык күн электр станциясын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.
Бул тууралуу аталган агенттик билдирди.
Мекеменин билдиргенине караганда, долбоор кайра жаралуучу энергия тармагында Борбор Азиядагы эң ири долбоорлордун бири болуп калат.
Аны ишке ашыруу Кыргызстандын салттуу энергия булактарынан көз карандылыгын азайтуу, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана климат боюнча милдеттенмелерди колдоого багытталган.
Аталган мекеме долбоор жаңы жумуш орундарын түзүп, Баткен облусунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи.
Белгилей кетсек, Cecep Solar Energy жашыл технологияларга адистешкен China Energy Conservation and Environmental Protection Group компаниясынын филиалы болуп саналат.


















