2025-жылдын 9-10-апрелинде Кыргыз улуттук “Манас” театрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын экинчи отуруму өттү.
Комиссия жыйынында сунушталган материалдар мазмундук, поэтикалык жана музыкалык жактан ар тараптуу талдоого алынып, алардын мамлекеттик символго татыктуу талаптарга толук жооп бербестиги аныкталды. Мунун негизинде сынакты кайра жарыялоо чечими кабыл алынды.
Комиссиянын сунушу боюнча, жаңы сынак эки этапта өтөт:
Биринчи этапта — гимндин текстинин жаңы редакциясы тандалат.
Экинчи этапта — тандалган текстке ылайык музыкалык чыгармалар кабыл алынат.
Буга чейин сынакка катышкан авторлор жаңы долбоор менен кайрадан катыша алышат.
Комиссия Мамлекеттик гимн улуттук биримдиктин символу катары өзгөчө кылдат мамилени жана ар тараптуу кароону талап кылаарын белгилеп, кийинки сынакта кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, өнүгүүгө болгон умтулуусун жана биримдигин чагылдырган чыгармаларга басым жасалаарын маалымдады.
2025-жылдын 7-февралынан 20-мартына чейин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш келип түшкөн. Жобонун 11, 12 жана 13-пункттарына ылайык, техникалык топ тарабынан алардын талаптарга шайкештиги текшерилип, 165 жарандан 285 долбоор каттоодон өткөн. Алардын курамы төмөнкүдөй:
Текст, партитура жана музыкалык коштоосу менен толук долбоорлор – 90;
Ырдын тексти музыкалык коштоосу менен – 3;
Ырдын тексти музыкасынын партитурасы менен – 3;
Ырдын тексти үн коштоосу менен (аспапсыз) – 10;
Болгону текст – 177;
Болгону музыка (нота) – 2 (анын ичинен 1 партитура үн коштоосу менен).
Жаңы сынак жарыяланган соң, талаптар жана мөөнөттөр кошумча жарыяланмакчы.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылдын октябрь айында мамлекеттик гимнди жаңыртуу демилгесин көтөрүп чыккан. Ал бул сунушун Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада билдирип, учурдагы гимн көз карандысыздык жаңы алынган кезде жазылганын, эми өлкө өнүгүү жолуна түшкөндүктөн, элдин жүрөгүнөн орун алган жаңы гимн керек экенин айткан.



















