Бүгүн,10-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри, Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун төрагасы Тони Блэрди кабыл алды.
Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тараптардын сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө Тони Блэр Өзбекстанда ишке ашырылып жаткан жаңы реформалардын жүрүшүн жана масштабын жогору баалап, аларды мындан ары илгерилетүү контекстинде зарыл эксперттик жана консультациялык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
«Кызматташтыктын башка негизги багыттары экономикалык тармактарга ири стратегиялык инвесторлорду тартууга, технологиялык модернизацияга, санариптештирүүнү жана жасалма интеллектти жайылтууну тездетүүгө, артыкчылыктуу багыттар боюнча биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш-чараларды камтыйт»,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2016-жылы Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Тони Блэр тарабынан түзүлгөн институт эл аралык коммерциялык эмес уюм болуп саналат.
Ал өлкөлөргө туруктуу жана инновациялык өсүштүн жаңы моделдерин иштеп чыгууга, климаттын өзгөрүшүнө жана башка заманбап чакырыктарга каршы күрөшүүгө жардам берет.
Президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадовдун жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө билдиргенине караганда, Өзбекстан Глобалдык өзгөрүүлөр институту менен бир канча убакыттан бери системалуу түрдө иштейт.
Анын айтымында, Шавкат Мирзиёев менен Тони Блэрдин үчүнчү жолку жолугушуусу. Буга чейинки эки байланыш COP – «БУУ Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясы» саммитинин алкагында Дубайда жана Бакуда 2023-жылы болгон.




















