Сириянын Москвадагы элчиси Башар Жаафари Дамаскка чакыртылды, эми анын ордуна жаңы элчи дайындалат.
Бул тууралуу дипломатиялык булактын билдирүүсүно таянып ТАСС агенттиги жарыялады.
“Мындай билдирүү Дамасктан элчиге жөнөтүлдү. Москвада жаңы элчи болот, аны Сириянын тышкы иштер министрлиги жарыялайт”, – деп билдирген булак.
Эскерте кетсек, буга чейин элчиликтин Telegram-каналында Жаафари Москвадан кетип, Дамасктын администрациясына кызматка дайындалганы тууралуу маалымат жарыяланган.
Кийинчерээк дипломатиялык өкүлчүлүк элчиликтин социалдык тармактары хакердик чабуулга кабылганын жана элчи алмашканы тууралуу расмий маалымат түшө электигин билдирген.



















