Япониянын экономика, соода жана өнөр жай министри Йожи Муто Вашингтонду жапон товарларына бажы төлөмдөрүн киргизүүдөн баш тартууга чакырды.
Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.
“АКШ тарабынан кабыл алынган тарифтик чаралар абдан өкүнүчтүү жана мен дагы бир жолу аларды Японияга каршы колдонбоого чакырам”,- деди Муто.
Ал кошумчалагандай, АКШнын соода министри Ховард Лутник менен АКШнын президенти Дональд Трамп тышкы соода өнөктөштөрүнө бажы төлөмдөрүн киргизүү чечимин жарыялаганга чейин сүйлөшкөн.
Муто Латникке тарифтердин жапон компанияларынын Америка Кошмо Штаттарына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүнө шек келтирип, Америка экономикасына кандай терс таасирин тийгизерин түшүндүргөнүн айтты.
Өз кезегинде Япониянын министрлер кабинетинин башкы катчысы Йосимаса Хаяши пресс-конференцияда АКШ киргизген чараларга тынчсыздануусун билдирди.
“Биз Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) келишимин жана Япония-АКШ соода келишимин сактоо боюнча олуттуу тынчсызданып жатабыз”,- деди Хаяши.
Kyodo агенттигинин маалыматына ылайык, Хаяши Токио Вашингтонду Трамптын администрациясынын япон продукцияларына 24 пайыздык бажы салыгын киргизүү чечимин жокко чыгарууга үндөгөнүн айтты.
Батыштын маалымат каражаттары Япония өз өндүрүшүнөн чыккан автоунааларды импорттоого АКШнын 25 пайыздык бажы алымдарынан бошотууну камсыздай албаганын жазышууда.















