Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жубайы Сара менен Будапештке келди.
🔹 Венгриянын коргоо министри Криштоф Салаи-Бобровницки анын келгенин расмий түрдө жарыялады.
🔹 Нетаньяху Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен келди.
🔹 Ал бир нече күн бою Будапештте болуп, Орбан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
ЭКСтин ордерине карабай сапарга чыкты
📌 The Times of Israel маалыматына ылайык, бул сапар Нетаньяхунун камакка алуу буйругунан кийинки биринчи чет өлкөлүк визити.
📌 Ал сапарынын учурунда Израилдин ЭКСтан чыгарын жарыялайт деп күтүлүүдө.
Нетаньяхунун камакка алуу буйругу эмнеге байланыштуу?
⚖ Ноябрь 2024 – ЭКС (Эларалык кылмыш соту) Израилдин премьер-министрине камакка алуу ордерин берген.
⚖ Айыптоо – Палестинада, айрыкча Газа секторундагы согуштук кылмыштар.
⚖ Февраль 2025 – АКШнын президенти Дональд Трамп ЭКСка каршы санкция киргизген, анын ичинде Израилди коргоо үчүн чаралар кабыл алынган.
🇮🇱 Израиль эл аралык сотту тааныбайт жана өз саясатын улантууда.


















