АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Түндүк Корея (КЭДР) менен байланыш каналдарын сактап жатканын жана кандайдыр бир этапта КЭДР лидери Ким Чен Ын менен сүйлөшүүгө барарын мүмкүн экенин айтты.
Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирди.
💬 «Биздин Ким Чен Ын менен абдан жакшы мамилебиз бар. Ооба, байланыш жүрүп жатат», — деди Трамп дүйшөмбү күнү Ак үйдүн басма сөз кызматы менен болгон маегинде. «Ооба, балким, кандайдыр бир учурда бир нерсе кылабыз», — деп кошумчалады ал.
🗣 «Сиздер билгендей, башында абал өтө оор болгон. Чакан ракета адам… (Трамптын өзүнүн биринчи президенттик мөөнөтүндө Ким Чен Ынга койгон лакап аты — ред.). Бардыгы абдан начар эле. Бир күнү бизге чалып, жолугушууну каалашарын айтышты. Биз жолугуштук», — деп белгиледи АКШ президенти.
🇺🇸🤝🇰🇵 АКШ-КНДР саммиттеринин тарыхы
📍 Июнь 2018 – Сингапурда АКШ менен КЭДРдин биринчи тарыхый саммити өткөн. Жолугушуунун жыйынтыгында Трамп менен Ким Чен Ын биргелешкен документке кол коюшкан. Ал документке ылайык, Пхеньян денуклеаризация милдеттенмесин алып, Вашингтон КЭДРдин коопсуздугуна кепилдик берген.
📍 Февраль 2019 – Ханойдо экинчи саммит өткөн. Бирок Трамп менен Ким Чен Ын бир нече жолугушууга карабастан, келишимге жетише албай, документке кол коюшкан эмес.
📍 30-июнь 2019 – Трамп менен Ким Чен Ын үчүнчү жолу жолугушкан. Бул кездешүү КЭДР менен Түштүк Кореянын чек арасындагы демилитаризацияланган аймакта өткөн.
📍 5-октябрь 2019 – Швецияда АКШ менен КЭДРдин өкүлдөрү жумушчу деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Бирок бул сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктаган.
















