Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Кайрат Примбердиевге казакстандык медиалардын бирине курган маегинде Кенесары хандын өлүмүнө байланыштуу айтканы үчүн 100 миң сом айып салынды.
Бул тууралуу ырчы өзү бүгүн, 20-мартта соцтармактагы баракчасынан билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Публикация от Кайрат Примбердиев (@kairat_primberdiev_official)
Эске салсак, УКМК 10-февралда Кайрат Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына караганда, ага AIRAN деп аталган YouTube каналында берген маегинде сүйлөп жатып, “улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган” деген кине коюлган.
Кайрат Примбердиев казакстандык каналга берген маегинде Ормон хан Кенесары ханды өлтүрүүгө мажбур болгонун айтып, бул окуя үчүн өз атынан казак элинен кечирим сураган. Ырчынын Ормон хан боюнча айтканы коомдо талкуу жараткан.



















