Орусия Тажикстанга аз кубаттуу атомдук электр станциясын курууну сунуштады.
Бул тууралуу Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев Тажикстанда орусиялык атомдук электр станциясын куруунун келечеги жөнүндө «Известия» гезитинин суроосуна жооп берип жатып билдиргенин “Sputnik Тажикстан” агенттиги маалымдады.
Анын айтымында, Душанбе мындай мүмкүнчүлүктү изилдеп жатат, аларды 40-50 мегаватт кубаттуулук кызыктырат. Сунуш талкуунун алгачкы баскычында турат.
«Росатомдун» башчысы Орусия менен Тажикстан экологиялык долбоорлор боюнча бир нече жылдан бери жигердүү кызматташып келе жатканын кошумчалады – алар СССРдин уран долбоорлорунун мурасын жоюу, кендерди жана байытуу кубаттуулуктарын рекультивациялоо.
Ал дал Тажикистанда биринчи советтик уран, анын ичинде биринчи аскердик продукция үчүн жана биринчи атомдук электр станциясы үчүн сырье иштелип чыкканын эске салды.
Эске салсак, Тажикстан менен Орусиянын президенттери Эмомали Рахмон менен Владимир Путиндин Москвада өткөн сүйлөшүүлөрүндө Тажикстандын түндүгүндөгү уран калдыктарын зыянсыздандыруу маселеси талкууланган.
Атомдук электр станциясын Тажикстан эле эмес Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан да салууну пландап жатат.
“Росатом” Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кыргызстанда чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияларды куруу жөнүндө меморандумга 2022-жылы кол коюп, былтыр Кыргызстандын Экономика министрлигине чакан кубаттуулуктагы АЭСти куруу боюнча негиздеменин долбоорун жөнөткөн.



















