Орозо айында дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандар отуз күндүк орозо тутууда.
Орозодо Иран өлкөсүндө ооз ачарга тамак-аш табууда кыйынчылык жаралбайт, бул айда бекер ооз ачыруулар көп уюштурулат. Ыйык айда кайрымдуулук иштери көбөйүп, эл муктаж болгондорго азык-түлүк жана акчалай жардамдарды беришет. Дагы бир жакшы кайрымдуулук ооз ачарга жакын көчөдө, мечиттерде акысыз тамак-аш жана суусундуктар таратылат.
Ачык асман алдындагы ооз ачар дасторкондору көбүнчө мечиттерде, сейил бактарда жайылып, ары-бери өткөндөргө тамак берилет. Бул Иранда Орозо айынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.



















