Иран менен Беларусь коргонуу тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо, мурда түзүлгөн келишимдерди ишке ашырууну улантуу жана биргелешкен иш-чаралардын жаңы багыттарын аныктоо боюнча макулдашышты.
Шаршембиде Иран Ислам Республикасынын коргоо министри генерал Амир Насирзаде менен Беларусь Республикасынын Мамлекеттик аскердик-өнөр жай комитетинин төрагасы Дмитрий Александрович Пантустун жолугушуусу болду.
Жолугушууда эки тарап тең коргонуу жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн коргоо жана өнөр жай тармагында мурда түзүлгөн келишимдерин ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты.
Генерал Насирзаде Ирандын аскердик өнөр жай тармагындагы потенциалына токтолуп, кызматташтыкты тереңдетүүгө жана алдыңкы технологияларды өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдө мурда түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу негизги ролду ойноорун баса белгиледи.
Дмитрий Пантус эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өсүп жаткандыгына канааттангандыгын билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, аскердик техникаларды жана заманбап технологияларды өндүрүү жаатында кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

















