Канаданын Квебек провинциясында өтүп жаткан “Жетиликтин” (Чоң жети) өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча коммюнике долбоорунда Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгү айтылган эмес.
Бул тууралуу Reuters маалымат булактарына таянып билдирди.
Алардын айтымында, документ АКШнын тынчтык аракеттерин кубаттайт жана Орусияны Украинада 30 күндүк ок атышууну токтотууга «шартсыз» макул болууга чакырат.
«Эгер биз коммюникенин тексти боюнча бир пикирге келе албасак, анда бул пикир келишпестикти көрсөтөт. Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кажа Каллас агенттикке “Бул G7 өлкөлөрүнүн эч биринин кызыкчылыгына туура келбейт”,- деди.
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны 14-мартта аяктайт.



















