Түштүк Кореянын Почхон шаарына жакын жердеги айылга аскерлер кокусунан бомба таштап, анын кесепетинен жети адам жабыркады.
“8 MK-82 жалпы багыттагы бомба Аба күчтөрүнүн KF-16 тарабынан рельстен чыгып кетип, атайын ок атуучу тилкеден тышкары жерге конду”, – деп жазат Yonhap агенттиги Корея Республикасынын Аскердик аба күчтөрүнүн билдирүүсүнө таянып.
Жергиликтүү бийликтин айтымында, 6-мартта таңкы саат 10дор чамасында Сеулдан 43 чакырымдай түндүктө жайгашкан айылга снаряд түшүп, жети киши жарадар болуп, айылдагы бир нече имараттар талкаланган.
Маалыматына караганда, Түштүк Кореянын Аскердик Аба күчтөрүнө таандык бир истребитель машыгуу учурунда кокусунан бомба таштаган.
Аба күчтөрүнүн билдирүүсү боюнча, сегиз МК-82 бомбасы KF-16 согуштук учагы тарабынан анормалдуу түрдө ташталган.
Окуяны иликтөө жана келтирилген чыгымды аныктоо боюнча комиссия түзүлүп, учурда тергөө иштери башталды.
Ошондой эле жабырлануучуларга баардык зарыл чаралар, анын ичинде келтирилген зыяндын ордун толтуруу каралып жатат.
Маалыматта белгиленгендей, бир бомбанын жарылуу радиусу болжол менен футбол талаасынын көлөмүнө барабар.
Эскерте кетсек, Түштүк Корея менен АКШ бейшемби күнү Түндүк Кореянын чек арасына жакын Почхон шаарындагы машыгуу полигонунда биргелешкен аткылоо машыгууларын өткөрүшкөн. Алардын ичинде 160тан ашык аскер техника, танктар, тик учактар жана истребителдер бар.
Бомбалар түшкөн аймак учурда аскерлер тарабынан курчоого алынган. Алар жардыруучу заттарды зыянсыздандыруу тобу менен бирге окуя болгон жерди текшерип жатышкандыгы кабланууда.
Почхон шаары Сеулдан 43 чакырым түндүктө, Түндүк Корея менен чектеш жерде жайгашкан.


















