Сауд Аравиясынын борбору Эр-Рияд шаарында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги күбөлөргө шилтеме берүү менен кабарлады.
«Эр-Рияд шаарында катуу жарылуунун үнү угулду», — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Reuters агенттиги окуянын башка жагдайлары тууралуу азырынча кошумча маалымат берген жок.
Буга чейин Сауд Аравиясынын Жарандык коргонуу кызматы өлкөнүн борбору Эр-Рияд шаарында жана Эр-Рияд провинциясынын түштүгүндөгү Эс-Сулайиль аймагында мүмкүн болгон коркунуч тууралуу эскертүү системасы ишке киргенин билдирген. Кийинчерээк кызмат Эр-Рияд шаарында коркунуч жоюлганын маалымдаган.
Жарылуу тууралуу кабарлардан кийин, Сауд Арабиясы жетектеген коалициянын өкүлү генерал-майор Турки аль-Малики X каналына Йемен хуситтери Эр-Риядга карай учурган үч баллистикалык ракетаны күчтөр кармап калганын билдирди.
Белгилей кетсек, Йемендеги хуситтер менен Сауд Аравиясынын ортосундагы аскердик аракеттер төрт жылдык тыныгуудан кийин август айында кайрадан күч алган.


















