Араб мамлекеттеринин лигасына мүчө өлкөлөр палестиналыктарды өз аймактарынан мажбурлап көчүрүү боюнча ар кандай аракеттерге жол берилбестигин ырасташты.
Бул тууралуу Египеттин жаңы административдик борборунда өткөн уюмдун чукул саммитинин жыйынтыктоочу декларациясында айтылат.
Араб Лигасынын кезексиз саммити 4-мартта Палестинанын өтүнүчү менен АКШнын президенти Дональд Трамптын Вашингтон Газа тилкесинде узак мөөнөткө ээлик кылуу жана анклавдагы палестиналыктарды аймактагы башка өлкөлөргө көчүрүү маселесин карап жатат деген соңку билдирүүлөрүнүн фонунда уюштурулду.
Египетте өткөн жыйында араб лидерлери Газа тилкесин калыбына келтирүү боюнча Каир даярдаган планды, ошондой эле жыйынтыктоочу декларацияны бир добуштан кабыл алышты.
“Палестина элин күч менен көчүрүү же оккупацияланган Палестина аймактарынын кайсы бир бөлүгүн аннексиялоо боюнча ар кандай кылмыштуу аракеттер аймакты тирешүүнүн жаңы этабына алып келет, туруктуулукка жетишүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат, жаңжалдын масштабынын кеңейишине жана ага чөлкөмдөгү башка мамлекеттердин катышуусуна алып келет”, – деп айтылат текстте.
Документте ошондой эле “Иордания менен Египеттин (палестиналыктарды) жер которуштуруу коркунучтарына каршы көрүлүп жаткан аракеттери” белгиленет.
Араб лигасы ошондой эле жыйынтыктоочу декларацияда палестиналыктардын өз аймагында көз карандысыз суверендүү мамлекетти түзүү укугун ырасташты.
“Биздин стратегиялык тандообуз Палестина элинин бардык укуктарына, биринчи кезекте анын эркиндикке жана эки мамлекеттүү чечимге негизделген улуттук аймагында көз карандысыз суверендүү мамлекетти орнотууга болгон укуктарына жооп берген адилеттүү жана ар тараптуу тынчтыкка жетишүү болуп саналат”, – деп белгиленет текстте.
Араб өлкөлөрү Палестина элин өз жерин таштап кетүүгө мажбурлоого багытталган ачарчылык стратегиясын жана өрттөлгөн жер тактикасын айыпташты.
Араб лигасынын саммитинде ошондой эле Израиль Палестина жерлеринин демографиялык курамын өзгөртүү аракетин четке каккан эл аралык резолюцияларды аткаруу зарылдыгын баса белгиледи.
Андан сырткары, Араб мамлекеттеринин лигасы Палестина-Израиль чатагын ар тараптуу жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо үчүн АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы менен дароо ишти баштоого даяр экенин билдиришти.
Трамптын Газа боюнча пландары
АКШнын президенти Дональд Трамп 5-февралда Газа жашоого мүмкүн болбой калган жайга айланганын айтып, анын тургундарын араб өлкөлөрүнө, анын ичинде Иордания менен Египетке көчүрүүнү сунуштаган.
Трамп АКШ Газа тилкесин “көзөмөлгө аларын” жана аймактагы реконструкция иштерине, ошондой эле аны бүткүл дүйнө үчүн “Жакынкы Чыгыш ривьерасына” айландырууга жооптуу болорун айткан. Ал ошондой эле АКШ өз армиясын Газага жөнөтө аларын четке какпай, тилкеге жеке өзү барарын убада кылган.
Америка лидеринин идеясына араб өлкөлөрү, Иран жана кээ бир Батыш мамлекеттери да каршы чыгышты.
ХАМАСтын жана Израилдин реакциясы
Палестиналык ХАМАС кыймылы Египеттин жаңы административдик борборунда өткөн Араб лигасынын Палестина боюнча чукул саммитинин жыйынтыгын, атап айтканда, Газаны кайра куруу планын кубаттады. Тиешелүү билдирүү кыймылдын расмий Telegram каналында жарыяланды.
“ХАМАС араб лидерлери акыркы декларациясында кабыл алган Газаны реконструкциялоо планын кубаттайт. Биз аны ийгиликтүү ишке ашырууну камсыз кылууга чакырабыз”, – деп айтылат документте.
Ал эми Израилдин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Орен Марморштейн уюмдун саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Араб Лигасынын декларациясы 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын Израилге кол салгандан кийинки кырдаалды чагылдырбарын жана «эскирген көз караштарга негизделген» деп билдирди.
















