Дүйнө жүзү боюнча 2,4 миллион баланын өмүрүн сактап калган рекорддук донор, австралиялык Жеймс Харрисон каза болду.
88 жаштагы Харрисон Жаңы Түштүк Уэльстин борбордук жээгиндеги карылар үйүндө уктап жатып көз жумган. Бул тууралуу The Independent кабарлады.
Австралияда аны «алтын колдуу адам» деп аташат. Харрисон өмүр бою 1173 жолу кан тапшырып, 2,4 миллиондон ашык ымыркайдын өмүрүн сактап калган.
Харрисон 14 жашында көкүрөккө оор операция учурунда кан куюлгандан кийин аман калган. Кийин бир нече жыл өтүп анын канынан сейрек кездешүүчү антитело табылган. Анын канындагы иммуноглобулин (анти-D) атайын сыворотка чыгаруу үчүн зарыл болгон. Бул Rh-кан конфликтинде кош бойлуу аялдардын жана ымыркайлардын өмүрүн сактап калат.
Ал 18 жашынан баштап кан плазмасын бере баштап, дээрлик 81 жашка чыкканга чейин муну ар бир эки жумада жасай берген. Жеймс Харрисон 2005-жылдан бери эң көп плазма донору катары дүйнөлүк рекордго ээ болгон.
«Жеймс биздин Anti-D программабыздын пионери болгон. 1967-жылдан бери кан тобу терс болгон австралиялык энелерге Жеймстин каны камтылган 3 миллиондон ашык доза Анти-D берилди», – деп айтылат маалыматта.




















