2025-жылдагы өлкөнүн Премьер-Лига оюндарынын 4-мартта башталат.
Кыргыз профессионал футбол лигасынан билдиришкендей, жаңы сезондогу биринчи оюнду «Дордой»-«ОшМУ», «Алай»-Нефтчи» төрттүгүнүн оюндары ачып берет.
Тактап айтканда, «Дордой» менен «Ош МУнун» оюну 4-март күнү Кыргыз футбол биримдигинин футбол талаасында болсо, «Алай» менен «Нефтчинин» оюну ушул эле күнү Оштогу Ахматбек Сүйүмбаев стадионунда өтөт.
«Быйылкы сезон абдан курч оюндарга бай болуп, Премьер-Лигада атаандаштык жогорулары күтүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.
Быйыл Кыргыз премьер-лигасында 14 клуб ойнойт. Алардын төртөө – «Барс» (Ысык-Көл), “Азиагол” (Бишкек), «Өзгөн» (Ош шаары), «Бишкек-сити» (Бишкек) клубдары жаңы түзүлгөн.




















