Германия Федеративдүү Республикасынын Ош жана Баткен облустары боюнча ардактуу консулу Медер Төрөевдин инаугурациясы Ош шаарында өттү.
Инаугурацияга Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу, Ош шаарынын мэриясынан, Президенттин Оштогу, Баткендеги өкүлчүлүгүнөн, элчиликтерден өкүлдөр катышты.
“Германия Федеративдүү Республикасы Ош жана Баткен аймактары боюнча ардактуу консул катары Медер Төрөев мырзаны дайындады! Бул дайындоо Германия менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий байланыштарды чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат”, – деп айтылат Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин соцтармактагы билдирүүсүндө.
Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Константин Селенти кантип Медер мырза тандалганын айтып берди.
“Кыргызстан менен 30 жылдан бери кызматташтыкты кеңейтүүгө аракет кылып келип жатабыз. Эки тараптуу мамилелерди сактап калуу, өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз. Бишкекте маданият, экономика жаатында аракет кылып жатабыз. Бир эле борбордон иштөө кыйын болуп калууда. Ошондой жагдайда ардактуу консул керек болуп жатат.
Ош менен Баткен Кыргызстандагы экинчи ири шаарлар. Ош шаары абдан маанилүү шаар деп эсептелет. Акыркы жылдары биздин мамилелерди кеңейтүүгө аракет кылып жатабыз. Өткөн жылдары маданий иш чараларды уюштурдук. Мындан ары болгон консулдук маселелерге ушул киши жооп берет. Медер мырзы кыргыз жана немис жараны. Германияда 20 жыл жашап, ошол жактык болуп калды. Медер мырза эки тилди тең билет. Маданиятын билет. Ошол себептүү эң ыңгайлуу талапкер болду”,- деди Константин Селенти.


















