Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркияга жасаган сапарында президент Режеп Тайип Эрдоган менен Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында болуп өткөн орус-америка жолугушуусу тууралуу сүйлөштү.
В. Зеленский Р. Эрдоган менен Россия менен болгон жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшкөнүн CNN Turk телеканалы билдирди.
Украинанын президенти Түркияга келип, Эрдоган менен болгон жолугушуусунан кийин 3 сааттан кийин чыгып кеткен.
Эскерте кетсек, 18-февралда Украинанын президенти Зеленский расмий сапар менен Анкарага келгенден кийин Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган экөө президенттик комплексте жолугушуп, жыйын өткөрүшкөн.
Эки лидердин жолугушуусунун максаты – Түркия менен Украинанын кызматташтыгын бекемдөө экени айтылган.
Президенттер жолугушуу учурунда эки өлкөнүн достук мамилесин чыңдоо, кызматташуусунан тышкары Россия менен Украинын ортосундагы төрт жылга аяк баскан жаңжалды, ошондой эле Россия менен АКШнын Эр-Рияддагы жолугушуу боюнча да талкуу болду.
Жолугушуу учурунда Зеленский Украина согуштун бүтүшүн каалай турганын, бирок “артыбыздан эч ким эч нерсе чечпесин”,- деди.
Ал ошондой эле Россия менен АКШнын Эр-Рияддагы жолугушуусуна Украинанын чакырылбаганы ал үчүн «сюрприз» болгонуна токтолуп, бул тууралуу маалымат каражаттарынан билгендигин жашырган жок.
“Түркия менен биздин карым-катнаштарыбыз ар дайымкыдай жогорку деңгээлде. Бул үчүн президент Эрдоганга жана бүткүл түрк элине ыраазычылык билдирем. Түркия Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендиги темасында абдан принципиалдуу позицияны көрсөттү”, -деди Зеленский.
Ал эми Туркиянын президенти Россия-Украина жаңжалында каза болгондор үчүн украин элине көңүл айтып, Зеленскийдин Түркияга болгон сапарынын Украинадагы согуштун негизги динамикасында олуттуу өзгөрүүлөр боло турган учурда ишке ашканын жана Украинанын жеринин бүтүндүгүн колдоорун баса белгиледи.
“Түркия бул маселеде урмат-сыйыбызды бардык жерде түшүндүрдүк. Украинанын аймактык бүтүндүгү, эгемендиги биз үчүн өтө маанилүү. Учурда бүткүл дүйнө Россия менен Украинанын ортосунда эми тынчтыкты күтүп жатат»,- деди Эрдоган.

















