БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш уюмдун Газа тилкесиндеги ок атышпоону колдоону улантып жатканын билдирди.
«Газада ок атышпоо келишиминин аткарылышын кубаттайбыз»,-деген анын сөзүн Al Jazeera телеканалы келтирди.
Анын айтымында, Бириккен Улуттар Уюму Газадагы ок атышпоо келишиминин ишке ашырылышына, анын ичинде аймактагы палестиналыктарга өтө маанилүү гуманитардык жардамдын жеткирилишине толук колдоо көрсөтүүнү жана ролду ойноону улантууда.
Гутерриш өз билдирүүсүндө эл аралык гуманитардык укуктун сакталышын талап кылды.
БУУнун баш катчысы буга чейин өзүнүн X социалдык баракчасындагы билдирүүсүндө Газада туруктуу ок атууну токтотууга чакырган.
Эске салсак, Газа тилкесиндеги жаңжалдын тараптары – Израиль менен ХАМАС кыймылы – Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен 19-январдан тарта 42 күнгө ок атышууну токтотууга макулдашкан.
Келишимдин биринчи этабы 1000дей палестиналык туткундун ордуна барымтадагы 33 израилдикти бошотууну камтыйт. Израиль аскерлери Газа тилкесинин чек арасына чейин чегиниши керек, бирок алар азырынча алардын чегинде кала берет. Ок атышууну токтотуунун биринчи күнүнөн тарта гуманитардык жардам жеткирүү күнүнө 600 жүк ташуучу унаага, анын ичинде күйүүчү май менен 50 унаага чейин көбөйөт. Палестиналыктарга 200 миң чатыр жана 60 миң мобилдик үй берилет.
Анын алкагында, 19-январда келишимге кол коюлгандан кийин барымтадагыларды туткундарга алмашуунун биринчи айлампасы болду. 90 палестиналык туткундун ордуна үч израилдик бошотулду. Экинчи алмашуу 25-январда болуп, ХАМАС тарабынан төрт туткун бошотулуп, Израиль 200 палестиналык туткунду бошоткон. 30-январда алмашуунун үчүнчү раунду болуп, анда Израиль 110 палестиналыкты үч жаранынын ордуна абактан бошоткон. Ал эми 1-февралдагы туткундарды алмашуунун төртүнчү этабынын алкагында 183 палестиналык Израилдин абактарынан бошотулуп, анын ордуна ХАМАС үч израилдикти кое берген.
Газада ок атышпоо келишими башталгандан бери дайынсыз жоголгондорду издөө жана шейиттердин сөөгүн урандылардын астынан чыгаруу операциялары башталып, тилкенин ар кайсы аймактарында күн сайын урандылардын астынан көптөгөн сөөктөр чыгарылууда.


















