Быйыл Кыргызстанда жалпы мусулмандар үчүн жыл ичиндеги эң маанилүү Орозо айы 1-мартта башталарын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-февралда таравих намазы окулуп, 1-мартта ооз бекитилет.
“2025-жылдагы ыйык Рамазан айы 1-мартта башталат. 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, өткөн жылы Орозо айынын биринчи күнү 11-мартка туура келип, Орозо айт майрамы 10-апрелде белгиленген.



















