Калифорниянын Лос-Анджелес округунда суу ташкындап, жер көчкү жүрдү. Буга нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон. Бул табигый кырсыктар масштабдуу ири өрттөн бир ай өткөндөн кийин болуп отурат, деп жазат New York Post гезити.
Метеорологдор ылай, таш жана суунун агымы адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип, жолдорго, үйлөргө жана дренаждык системаларга зыян келтириши мүмкүн деп эскертишүүдө.
Өзгөчө шаардын борбору, Голливуд дөңсөөлөрү, Пасифик-Палисейдс, Сан-Габриэль, Вестсайд, Чыгыш Лос-Анджелес, Түштүк-Чыгыш Лос-Анджелес, Уиттиер жана Альтадена аймактары жабыркады. Тынч океан шоссеси таш жана ылайга толуп калган. Шоссенин бир кесилиш толугу менен урандылар менен тосулуп клаган – катмар дээрлик 1,2 метрге жеткен.
Сел агымы өрттөн кийин топурактын кургактыгынан улам пайда болгон.
Андан улам көптөгөн райондор, анын ичинде Малибу, Сан-Фернандо өрөөнү, Лос-Анжелестин борбору жана башкалар коркунучта турганы кабарланды. Метеорологдор жакынкы сааттарда аймакта саатына 3 сантиметрге чейин жаан жаашы мүмкүн деп болжолдошууда, бул абалды ого бетер начарлатат.
Бир күн мурун Лос-Анжелестин мэри Карен Басс өзүнүн Х баракчасында жамгыр жума күнгө чейин улана турганын айтып, тургундарды мындан ары нөшөрлөп жааган жаанга, сел жана катуу шамалга даяр болууга чакырган. Тургундарга үйдө калуу, бак-дарактардан алыс болуу жана жолдорго чыкпоо сунушталган. Буга чейин бийликтер айрым аймактарда эвакуация жарыялашкан.
New York Post гезити окуяга күбө болгондордун социалдык медиадагы билдирүүлөрүнө таянып, Лос-Анжелес округунун кээ бир райондорунда селдин деңгээли 120 сантиметрге чейин жеткенин жазды.
Калифорниядагы ири өрт
Эске салсак, Калифорниядагы, анын ичинде Лос-Анжелестеги өрт 7-январда башталып, штаттын тарыхындагы эң ири өрт катары таанылып калды. Расмий маалыматтар боюнча, өрттүн аянты 16 миң гектардан ашты. 28 кишинин каза болгону тастыкталган. 12 миңден ашык имарат күйүп кеткен. Ошондой эле өрттүн кесепетинен көптөгөн Голливуд жылдыздары сарайларынан ажырашкан: актёрлор Майлс Теллер, Юджин Леви, Билли Кристал, Жон Гудман жана башкалар. Келтирилген зыян 95 миллиард доллардан 164 миллиард долларга чейин болушу мүмкүн.
Метеорологдор өрттүн тез жайылышына кургак жана шамалдуу аба ырайы себеп болгонун айтышкан.



















