АКШнын президенти транссексуал спортчулардын аялдар арасындагы спорттук мелдештерге катышуусуна тыюу салган буйрукка кол койду.
Трамп Ак үйдө буйрукка кол коюунун алдында «Мындан ары аялдар спорту аялдар үчүн гана болот. Бул жарлык менен аялдардын спортуна каршы күрөш аяктады », – деди.
Бул маалыматты АКШнын өкмөт үйүнүн билдирүүсүнө таянып РИА новости жазды.
Трамптын айтымында, АКШ транссексуал спортчуларга виза берүүдөн баш тартат. Буйрук биринчи кезекте мектеп, коллеж жана ышкыбоздор арасындагы мелдештерге тиешелүү болот.
Ал “солчул радикалдардын биологиялык чындыкка каршы кресттүү жортуулунун” ордуна маданиятты жана мыйзамдарды кайтаруу үчүн чара көрүп жатканын кошумчалады.
Анын пикирине караганда, Эл аралык Олимпиада комитетин 2028-жылкы Лос-Анжелес Олимпиадасына чейин транссексуал спортчуларга карата эрежелерин өзгөртүүгө барат.
АКШ акыркы жылдары көптөгөн окуу жайлары жана спорттук бирикмелер эркектердин аялдар спортуна катышууга уруксат берген.
“Бул аялдар менен кыздардын кадыр-баркына шек келтирүүчү, адилетсиз жана коркунучтуу болуп саналат жана аларды спорттук мелдештерге катышууга жана ийгиликке жетишүүгө бирдей мүмкүнчүлүктөн ажыратат”, – деп айтылат президент кол койгон жарлыкта.
Анткени “кыз болуп көрүнгөн эркектер” аялдар арасындагы мелдеште 3500 ирет жеңишке жетишип, аялдардын 11 миңден ашуун мелдешине кол салуулар болгон.
Мисалы, трансгендер велоспортчу Остин Киллипс Tour of the Gila турниринде аялдар категориясында жеңишке жеткен.
Мындан тышкары, 2024-жылкы аялдардын боксу боюнча Олимпиаданын эки катышуучусу алжирдик Иман Хелиф менен Тайвандын атынан чыккан Лин Ютин жеңишке жетип, бул дүйнө жүзү боюнча талкууга айланган.
Анткени экөө тең 2023-жылкы дүйнөлүк чемпионатта гендердик тестирлөөдөн өтпөй калган, себеби аларда тестостерондун деңгээли жогорулаган.
Бирок Олимпиаданын эки чемпиону алжирдик Иман Хелиф менен Тайвандык Лин Ютинг “эч качан өткөөл эмес” дегендер да жок эмес.
Аларды төрөлгөндөн эле аял экени аныкталган жана ар дайым аялдар катары жарышып келишкендигин ЭОКтун президенти Томас Бах өткөн жылы “алардын аялдар экенине эч кандай шек болгон эмес”,- деп айткан жайы бар.
2024-жылдагы олимпиадалык мушташта Светлана Станева менен Ютинг буга чейин өз салмак категорияларында жарым финалга чыккандан кийин, Светлана: «Мен дарыгер эмесмин. Бир гана билгеним, атаандаштын хромосомалары рингге чыгууга жол бербеши керек болчу”, – деп билдирген.
Ал эми Станеванын машыктыруучусу «Аялдардын боксун сактайлы» жана «Мен аялдар менен гана күрөшкүм келет»,- деген ураандар жазылган плакаттарды көрсөткөн.
Эскерте кетсек, Трамп президенттик инаугурацияда АКШнын мамлекеттик саясаты эки жынысты – эркек жана аялды гана тааный турганын жарыялап, муну менен ал “эркектерди аялдардын спортунан четтетүүгө” кадам таштаган.

















