Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 4-7-февраль күндөрү Кытайда мамлекеттик сапары менен болот. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги жекшемби күнү билдирди. Расмий маалыматта бул мамлекеттик сапар Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин чакыруусу менен ишке ашып жатканы айтылган.
Азырынча президенттин маалымат кызматы Жапаровдун Бээжинге жасай турган сапарынын чоо-жайы жана анда кол коюла турган документтер тууралуу маалымат бере элек.
Жапаровдун Бээжин сапары соңку жылдары Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү жогорулап, Кытай менен бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жаткан учурга туш келүүдө. 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берилген. Ага чейин кыргыз өкмөтү кытай компаниялары менен чогуу Чүй облусунда 700 гектар аянтты ээлей турган Манас соода-логистикалык шаарын курарын жарыялаган.

















