Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Евробиримдик Данияны Трамптан коргоону убада кылды

  • Америка, Башкы жаңылыктар, Европа
  • 30.01.2025 12:39

Loading

Евробиримдик (ЕБ) АКШнын президенти Дональд Трамптын Гренландияны АКШга кошуу тууралуу коркутууларынын фонунда Даниянын аймактык бүтүндүгүн коргойт.

Бул тууралуу Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта “Euronews” телеканалына берген маегинде билдирди.

“Даниянын аймактык бүтүндүгү, Даниянын эгемендиги, анын чек араларынын туруктуулугу биз үчүн, албетте, биринчи кезектеги маанилүү маселе”, – деп баса белгиледи ал.

Тема боюнча

Израиль үчүн роботтор армиясы: Эрик Трамптын катышуусундагы компания Газа тилкесине робот жеткирүү маселесин талкуулаган

Израиль үчүн роботтор армиясы: Эрик Трамптын катышуусундагы компания Газа тилкесине робот жеткирүү маселесин талкуулаган

14.11.2026

Еврокеңештин башчысынын айтымында, Евробиримдиктин курамына кирген өлкөнүн аймактык бүтүндүгү коркунучта турганда бул принциптерди коргоону токтотууга болбойт.

“Гренландия Дания Королдугунун аймагынын бир бөлүгү. Дания эгемендүү мамлекет. Дания өз кызыкчылыктарын аныктайт, Евробиримдик да аны колдойт”,-деген Кошта, эл аралык укутар сакталышы керектигин айтты.

Ал АКШ менен Даниянын ортосундагы Гренландиянын көзөмөлү боюнча чыр-чатак кризиске айланып кетпейт деген үмүтүн билдирип, эки өлкө тең Түндүк Атлантика Келишиминин мүчөсү болгондуктан, бул маселенин тынчтык жолу менен чечилээрине ишеним артты.

Трамптын Гренландия алуу планы 

Трамп АКШнын президенти болуп кайра шайлангандан бери Гренландияны алууга кызыкдар экенин дагы бир жолу кайталады.

Ал 2019-жылы, биринчи президенттик мөөнөтүндө Даниянын бийлигине Гренландияны сатып алуу сунушу менен кайрылган, бирок алар аны четке кагышкан. 2024-жылдагы шайлоодо жеңип чыккандан кийин, республикачы бул идеяга кайтып келип, Америка Кошмо Штаттарынын Гренландияга ээлик кылуусу “дүйнө жүзү боюнча улуттук коопсуздукту жана эркиндикти камсыз кылуу” үчүн “абсолюттук зарыл” деп ырастады.

Америкалык лидер 7-январдагы маалымат жыйында аралды көзөмөлгө алуу үчүн аскердик же экономикалык кысымга барарын четке каккан жок.

Январдын башында Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде арал Данияга да, Америка Кошмо Штаттарына да таандык болбошу керектигин айткан.

Январдын аягында Financial Times гезити Трамп Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Гренландияны көзөмөлгө алууга олуттуу экенин айтканын жазган. Сүйлөшүүдөн кийин Фредериксен Даниянын автономдуу аймагы болгон аралдын сатылбай турганын баса белгилеген.

Трамтын коркутууларынан улам 28-январда Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен Европанын борборлоруна чукул турнага чыкты. Ал Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту, Парижде Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Брюсселде НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сапардын максаты бирдиктүү европалык позицияны чыңдоо болгон.

Гренландия

Гренландия – Түндүк Американын түндүк-чыгышында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң арал. Аралда 57 миңге жакын адам жашайт жана жаратылыш ресурстарына бай. Арал Дания Королдугунун курамындагы автономдуу аймак болуп саналат. АКШ бийликтери XIX кылымдан бери аралды алуу маселесин бир нече жолу көтөргөн.

Гренландия Дания тарабынан көзөмөлдөнөт, бирок Европа Биримдигине кирбейт. Бирок анын өзгөчө статусу бар, ал Евробиримдиктин фонддоруна жетүү жана гренландиялыктар эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Гренландиялыктар юридикалык жактан Европа Биримдигинин жарандары деп эсептелет.

Гренландиялыктардын көбү АКШга кошулууга каршы экенин акыркы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөттү. Verian изилдөө компаниясынын жаңы сурамжылоосу гренландиялыктардын басымдуу көпчүлүгү – 85 пайызы аралдын АКШнын бир бөлүгү болушун каалабай турганын көрсөттү. Аралдын жашоочулардын 6% гана Кошмо Штаттарга кошулууну каалай турганын айткан.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШАнтониу КоштаГренландияДанияЕвробиримдикЕвропа кеңеши
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШда байланыш системасындагы мүчүлүштүктөн улам 15 миңден ашуун авиакаттам кечигип же токтотулду

АКШда байланыш системасындагы мүчүлүштүктөн улам 15 миңден ашуун авиакаттам кечигип же токтотулду

14.11.2026
Израиль үчүн роботтор армиясы: Эрик Трамптын катышуусундагы компания Газа тилкесине робот жеткирүү маселесин талкуулаган

Израиль үчүн роботтор армиясы: Эрик Трамптын катышуусундагы компания Газа тилкесине робот жеткирүү маселесин талкуулаган

14.11.2026
АКШда өлкө боюнча бардык учактардын учуусу токтотулду: эмне болду?

АКШда өлкө боюнча бардык учактардын учуусу токтотулду: эмне болду?

14.11.2026
АКШдагы авиациялык башаламандык: аба кыймылын башкаруу системасындагы масштабдуу мүчүлүштүктөн улам миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

АКШдагы авиациялык башаламандык: аба кыймылын башкаруу системасындагы масштабдуу мүчүлүштүктөн улам миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

14.11.2026
Ирандын куралдуу күчтөрү америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

Ирандын куралдуу күчтөрү америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
«Nvidia» компаниясындагы жаңжал: Израил менен кандай байланышы бар?

«Nvidia» компаниясындагы жаңжал: Израил менен кандай байланышы бар?

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Орусиялык эксперт: Каспий деңизине чектеш мамлекеттер АКШнын бул аймактын иштерине кийлигишүүсүнө жол бербеши керек

Орусиялык эксперт: Каспий деңизине чектеш мамлекеттер АКШнын бул аймактын иштерине кийлигишүүсүнө жол бербеши керек

13.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026
Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

Ормуз кысыгындагы кризис Европада газдын баасын рекорддук деңгээлге жеткирди

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.