Тажикстан менен Ирандын ортосунда авиавизалары жокко чыгарылды.
Бул тууралуу Ирандын Тажикстандагы элчилиги социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
“Ирандын министрлер кабинетинин жаңы чечимине ылайык, эки өлкөнүн жөнөкөй паспорт ээлерине Ирандан Тажикстанга аба жолу менен барууга жана ар бир 90 күндүк мөөнөттө 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилди”, – деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Чечим 3-февралдан тарта күчүнө кирет.
Эске салсак, Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тажикстанга жакында болгон сапарынын алкагында Душанбе шаарында жашаган ирандыктар менен жолугушууда өлкөлөр ортосунда виза берүү маселеси чечилгенин билдирген. Ал ошондой эле бул маселени тажик бийликтери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талкуулаганын баса белгилеген.
Тажикстан менен Ирандын ортосундагы визалык режимди жоюу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна 2023-жылдын ноябрь айында кол коюлган. Бул документтин негизинде Тажикстан менен Ирандын жарандары 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
Ага ылайык, биринчи этапта визасыз режим Душанбе-Тегеран жана Тегеран-Душанбе аба каттамдарын колдонгондор үчүн гана ишке ашырылат.
Эске салсак, Иран 2024-жылдын 4-февралынан баштап туристтик максатта 28 өлкө менен виза режимин бир тараптуу жокко чыгарган. Ал өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан, Беларусь, Катар, Мексика, БАЭ, Сауд Аравиясы, Сербия, Өзбекстан жана Япония бар.
Иран менен Казакстандын ортосунда эки тараптуу визасыз режим 2022-жылы киргизилген.
Үстүбүздөгү жылдын 23-январында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Асгар Мохаммади Жафари менен болгон жолугушуусунда эки өлкөнүн жарандары үчүн визалык талаптарды жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланган.

















