Казакстан KazSat-3 спутнигинин ордуна жаңы космостук байланыш системасын түзүүнү жана киргизүүнү пландаштырууда.
Ошодой эле аталган спутниктин ордуна жаңы космостук байланыш системасын түзүү боюнча даярдык иштери башталган.
Бул маалыматты Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун өкмөттүн кеңейтилген жыйынындагы билдирмесине таянып Ulysmedia.kz. агенттиги жазды.
Премьер-министрдин айтымында, буга чейин европалык жана азиялык космостук технология өндүрүүчүлөрдүн сунуштары каралган.
Ал эми аларды эксперттер талдап, инвестициялык план түзүп, азыр экономикалык баа берүүдөн өтүп жатат.
О. Бектенов “Спутникти түзүүнүн сметалык баасы 87,2 миллиард теңгени түзөт, анын ичинен 40,3 миллиард теңге республикалык бюджеттен жана 46,9 миллиард теңге РККС АКнын өздүк каражаттарынан.
Бул сумма спутниктик байланыш каналдарына жана телерадиоберүүгө болгон муктаждыкты эске алуу менен долбоордун инвестициялык жагымдуулугу жана экономикалык натыйжалуулугу үчүн жетиштүү», – деди.
Буга чейин Казакстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги МКСда изилдөөлөрдүн жана эксперименттердин алтынчы илимий программасын ишке ашыруу тууралуу маалымат берген.
Учурда төртүнчү жолку космоско учуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.



















