Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин укук жана эл аралык иштер боюнча орун басары Казем Гарибабади Женевадагы БУУнун Адам укуктары кеңешинде Иран Ислам Республикасынын укуктук, соттук, экономикалык, саясий, социалдык, илимий жана маданий тармактардагы жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.
«Eurasia Today» агенттигинин маалыматына ылайык, Казем Гарибабади жетектеген Иран Ислам Республикасынын адам укуктары боюнча жогорку даражалуу делегациясы 23-январда, бейшемби күнү Женевага UPR (Универсалдуу Мезгилдүү Обзор) жумушчу тобунун 48-м отурумуна жана өлкөнүн адам укуктары боюнча төртүнчү улуттук баяндамасынын презентациясына катышуу үчүн барган жана аны үч бийлик бутагынын – мыйзам чыгаруу, сот жана бийлик органдарынын өкүлдөрү коштоп жүрөт.
Сапардын алкагында ирандык делегация улуттук баяндамасын берүү жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берүү менен катар БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин расмий өкүлдөрү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элчилери жана өкүлдөрү менен жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Гарибабади Универсалдык Мезгилдүү Обзорду (UPR) түшүндүрүп, механизмди БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин резолюциясында түзүлгөн тең укуктуу жана тандалбаган негизде БУУнун бардык мүчө-мамлекеттеринин адам укуктарынын абалын карап чыгуучу көзөмөл органы катары сыпаттады.



















