Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесин башкаруучулардын курамы гана өзгөргөнүн жана анын билим берүү тармактарындагы негизги жана кошумча билим берүү программалары өзгөрүүсүз каларын эскертти. Ошону менен катар 2024-2025-окуу жылдарында билим берүү процессин үзгүлтүккө учуратууга жол берилбей турганын белгиледи.
Мекеме өзүнүн компетенциясынын чегинде билим берүү уюмдарында Мамлекеттик билим берүү стандартынын, предметтик стандарттардын, Базистик окуу планынын, окуу пландарынын, негизги жана кошумча билим берүү программаларынын аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Ошону менен катар министрлик “Маариф” эл аралык фонду билим берүү уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн билим берүү тармагына 2,5 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартып келүү милдетин алганын маалымдады.
Бул акча мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, имараттарды оңдоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жумшалат. Алардын маалымдашынча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн мыкты мугалимдер чакырылат.
Ошондуктан министрлик окуучулар менен студенттердин ата-энелерин, жакындарын тынчсызданбоого жана кызыкдар тараптардын куралына айланып калбоого чакырат.
Эскерте кетсек, “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү жыл жаңырар алдында – 31-декабрда белгилүү болгон.
Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.
Аталган фонд Кыргызстанда беш жылдан бери иштеп келе жатат.
Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылгандан кийин “ Себат” аталышы кийин “Сапат” деп өзгөртүлгөн.
Бул билим берүү мекемеси “Маариф” фондуна өткөндөн кийин миңдеген окуучулар жана алардын ата-энелери тынчсыздануусун билдирип, Билим министрлигине чейин кайрылышкан. Ошол эле учурда эгер билим берүү сапаты мурдагыдай болбой турган болсо, башка мектептерди азыртадан издей тургандыктарын жашырбай ачык айтышууда. Анткени “Сапаттын” бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан 23 алтын сертификат алса, “Маарифтин” бир гана алтын сертификаты бар.



















