АКШнын Калифорния штатын каптаган өрттүн кесепетинен “Блюз бир туугандар”, “Он осуят” жана “Леди блюз ырдайт” тасмаларында роль жараткан 95 жаштагы америкалык актриса Делиз Карри каза болду.
Бул тууралуу жергиликтүү ABC7 телеканалы кабарлаганын Tengrinews.kz казак агенттиги жазды.
Маалыматта билдирилгендей, өткөн шейшембиде актрисанын небереси Келли бир күн ооруканада жаткандан кийин үйүнө жеткирип, андан соң кеткен.
Келли чоң энесинин үйүндө электр энергиясы өчүп калганы тууралуу смс-билдирүүдөн ойгонуп, дароо Альтадинага бет алган. Полиция ага үй күйүп кеткенин билдирген. Ошол түндөн бери актриса дайынсыз жоголгон деп эсептелген.
«Дайынсыз жоголгон 95 жаштагы чоң эненин сөөгү өрттөн кийин талкаланган Альтадин шаарындагы үйүндө табылды», — деп жазат басылма.
Канал Карри ондогон жылдардан бери тасмаларда роль жаратканын белгилейт. Ал “Он осуят”, “Блюз бир туугандар” жана “Леди блюзду ырдайт” сыяктуу тасмаларда кошумча роль жараткан.
Лос-Анжелес шаарында 7-январда башталган токой өрттөрү бүтүндөй Калифорния штатынын тарыхындагы эң ири өрт болуп эсептелет. Бийликтин маалыматы боюнча, өрттөн кеминде 24 киши каза болуп, 12 300дөн ашуун имарат, анын ичинде белгилүү адамдардын үйлөрү күлгө айланган.
Метеорологдор өрттүн тез жайылышына кургак жана шамалдуу аба-ырайы себеп болгонун белгилешет.















