Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, муфтий Абдулазиз Закиров Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугуп, ажылык сапарды уюштуруу, жатакана шарттары, тамак-аш менен камсыз кылуу маселелерин сүйлөшкөн.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2025-жылдагы ажылык иштерди уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюп, Кыргызстанга 6060 ажылык квота берилгенин жарыялашкан.
Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6000 квота бөлүп, ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.
Эскерте кетсек, Сауд Арабиясынын Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды коюп келет.
Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, кычкылтек бет кабын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорусу барлар, боор циррозуна, аң-сезимге тоскоол болгон оор нерв жана психикалык дартка чалдыккандарга, химиотерапия алып жаткан рак оорусу барларга ажылыкка барууга уруксат берилбейт.



















