Кытайдын түндүгүндөгү Хэбэй провинциясында орнотулган кубаттуулугу боюнча дүйнөдөгү эң ири “Фэннин” деп аталган гидроаккумуляциялоочу электр станциясы (ГАЭС) толук кубаттуулукта ишке киргизилгенин, кытайлык China Daily гезити билдирди.
Маалым болгондой, ГАЭС толук кубаттуулукта 31-декабрда ишке киргизилген.
“Фэнниндин” жалпы орнотулган кубаттуулугу 3,6 миллион киловатт, электр энергиясын иштеп чыгуунун жылдык долбоордук кубаттуулугу 6,6 миллиард киловатт-сааттан ашык. ГАЭС 2,6 миллионго жакын үй чарбаларынын жылдык электр энергиясын керектөөсүн камсыздай алат.
“Фэннин” гидроаккумуляциялоочу электр станциясынын курулушу расмий түрдө 2013-жылы Хэбэй провинциясынын Чэндэ шаарында башталган.
“Фэннин” 480,8 миң тонна көмүр эквивалентиндеги отун үнөмдөйт жана көмүр кычкыл газын чыгарууну жылына 1,2 миллион тоннага кыскартууга жардам берет, бул өлкөнүн энергетикалык натыйжалуулугун жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу максаттарына жетишүүгө олуттуу салым болот деп күтүлүүдө.

















