Евразия экономикалык биримдигинин лидерлери Иранга ЕАЭБге байкоочу мамлекет макамын берүү чечимин жактырганын, Кремлдин расмий сайтында маалымдалды.
«Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жактырылган документтер… “Иран Ислам Республикасына Евразия экономикалык биримдигинде байкоочу мамлекет статусун берүү жөнүндө» чечими”, — деп айтылат маалыматта.
Мындай чечим уюмга мүчө бардык мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда Ленинград облусунда өткөн биримдиктин саммитинде кабыл алынды.
Ошондой эле ЕАЭБ лидерлери биримдик менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишиминин күчүнө кириши тууралуу чечимди да жактырышты.
“Иран эми биздин биримдикте байкоочу мамлекет”, – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев тар жана кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн соңунда журналисттерге билдирди.
Иран ЕАЭБди Перс булуңуна жана башка максаттуу рынокторго кошууга даяр
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчыларынын Санкт-Петербург шаарында өткөн жыйынына катышкан Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Мухаммед Атабак ЕАЭБдин Иранга байкоочу статусун берүү чечимин кубаттап, бул жыйын Тегеран менен биримдиктин ортосундагы мамилелерди кеңейтүү тарыхында бурулуш учур болот деген ишеним билдирди.
Анын айтымында, Иран ондогон жылдар бою мыйзамсыз санкцияларга карабастан, көп тараптуу мамилелерде жоопкерчиликтүү мамиле менен катышып келет жана бул механизмдерде ар дайым ишенимдүү жана натыйжалуу өнөктөш экенин көрсөтүп келет.
“Мындай жигердүү жана жоопкерчиликтүү мамиленин ийгиликтүү мисалы Евразиялык экономикалык биримдик менен кызматташуу, анын ичинде акыркы беш жылда преференциалдык соода келишимин ийгиликтүү ишке ашыруу болуп саналат”, – деди Атабак.
Мындан тышкары, ал Иран Ислам Республикасы Евразия экономикалык биримдигин Перс булуңундагы, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиядагы максаттуу рыноктор менен байланыштыруу үчүн өзүнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн берүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдан август айында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Ирандын Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) байкоочу макамын алуу өтүнүчү каралып, консультацияга катышкандар Тегерандын бул ниетин кубатташкан.
Иран ЕАЭБде байкоочу мамлекет статусун алууга кызыгуусун билдиргенин үстүбүздөгү жылдын июнь айында Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын башчысы Бакытжан Сагинтаев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирген.
Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук бул макамды алуу үчүн белгилүү бир процедуралар бар экенин, бирок алар ишке ашса, Иран болжол менен ушул жылдын декабрынын аягында байкоочу боло аларын билдирген.
Учурда ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Өзбекстан, Куба жана Молдова уюмда байкоочу статусуна ээ.
Буга чейин Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү 2024-жылдын 10 айында 12,8%га, Иранга товарлардын экспорту 16%га, импорт 8%га өскөнүн билдирген. 2025-жылы биримдик менен Ирандын ортосунда өз ара соодадагы товарлардын 90%ына бажы алымсыз режим орнотууну караган толук масштабдуу эркин соода келишими күчүнө кирери күтүлүүдө.

















