Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган парламентте бийликтеги “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын мүчөлөрүнө кайрылып, Сириядагы күрт куралдуу топтору же куралын таштаарын, же “көмүлө турганын” айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет.
Ал Анкара Сириядагы террордук уюмдарды, биринчи кезекте ИШИМ менен Күрдистан жумушчу партиясын (ПКК) жок кылууга чечкиндүү экенин баса белгиледи. Эрдогандын айтымында, бул эки топ тең Түркия менен Сириянын аман калышына коркунуч туудурат.
«Бул сепаратист кылмышкерлер же куралдарын ташташат, же куралдары менен бирге Сирия жеринде “көмүлөт”. Күрт боордошторубуз менен ортобузга кандуу дубал курууга аракет кылган террордук уюмду жок кылабыз»,-деди.
Түркия АКШ колдогон Сирия Демократиялык күчтөрүнүн (SDF) негизги курамдык бөлүгү болгон күрттөрдүн элдик коргоо бөлүктөрүн (YPG) Түркияга каршы козголоңду жетектеп жаткан Күрдстан жумушчу партиясынын бир бөлүгү деп эсептейт.
Түркиянын коргоо министри Яшар Гүлер: «Сирия эли да, жаңы өкмөт да, биз ПКК/ЙПГнын жалгыз аракет кылып, өздөрүнө шарт түзүшүнө уруксат бербейбиз», – деди.
Башар Асад бийликтен кеткенден бери Анкара Сириянын келечегинде ЙПГга орун жок экенин баса белгилеп, анын жоюлушун талап кылууда. ПКК Түркия, АКШ жана ЕБ тарабынан террордук уюм катары таанылган.



















