Сириянын өткөөл өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрү өлкөнүн мурдагы башкы муфтийи шейх Ахмед Бадреддин Хасунду Дамаск эл аралык аэропортунда камакка алды.
Бул маалыматты Sham FM радиосу жарыялады.
Радиосунун маалыматына караганда, шейх Хассун Амманга бара жаткан, ал жерде ага шашылыш операция жасалышы керек болчу. Бирок мурдагы муфтий Иорданияга дарылануу үчүн баруу каалоосун бийликке алдын ала билдирген.
Ага карабай аэропорттун VIP залына келгенден бир нече мүнөт өткөндөн кийин ал камакка алынган.
Ал эми Daryo агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, Сирияда жашынып жүргөн мурдагы президент Башар Асаддын тарапкерлерин кармоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.
Дамаскта атайын операция маалында бир нече адам кармалып, алардан курал-жарак, ок-дарылар жана турмуштук маанилүү мекемелерде жардырууга даярдалган жардыруучу заттар бар экени аныкталган.















