Орсиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууда бул республикадан келген студенттер үчүн Орусиянын ЖОЖдоруна квотаны көбөйтүүгө даяр экенин билдирди, деп жазат Gazeta.ru.
«Мен Тажикстанда иштеп жаткан орусиялык ЖОЖдордун филиалдарына жана тажик жарандарына Орусия Федерациясында окуу үчүн эң көп квота берилгенине көңүл бургум келет», – деди ал.
Путиндин айтымында, учурда квота 1000 адамды түзөт жана орус бийлиги аны көбөйтүүгө даяр.

















