Бүгүн Бишкектеги “Токтогул Сатылганов” атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө. Курултайды уюштуруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ачты.
Курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери, Министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрлер жана 689 делегат катышууда.
Элдик курултайдын эсептөө комиссиясы жана улуттук кеңешинин мүчөлөрү шайланып, делегаттардын ичинен эсептөө комиссиясына 9 мүчө, ал эми улуттук кеңешке 17 мүчө тандалып алынды. Ал эми улуттук кеңештин төрагасы болуп Мыктыбек Абдылдаев шайланды.
Курултайга АКШдан, Канададан, Германия, Италия, Улуу Британия, Түштүк Корея жана Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Орусия, Түркия, Казакстан, Чехиядан келген диаспора уюмдары менен мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү келишкен.
Курултай эки күнгө созулуп эртең 21-декабрда жыйынтыкталат.
Эскерте кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрда өткөн.
“Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 24-июлда кабыл алынган. Март айында “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Мындан сырткары Улуттук Кеңешти курултайдын ишин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу, жетектөөчү жана багыт берүүчү жумушчу органга айлантуу каралган.
Азыркы мыйзамда насаат-кеңеш берүүчү жумушчу орган деп жазылган. Делегаттарынын укуктары жана милдеттери кеңири белгиленген.



















