Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

С. Жапаров Кореянын Президенти Юн Сок Ёль менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

  • Башкы жаңылыктар
  • 03.12.2024 15:50

Loading

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Сеул шаарында Кореяга болгон расмий сапарынын алкагында Корея Республикасынын Президенти Юн Сок Ёль менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анда Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташууну акырындык менен тереңдетүү маселелери талкууланды.

Президент Юн Сок Ёль Президент Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Кыргызстан менен Корея 1992-жылы дипломатиялык мамиле түзгөндөн кийин жакын жана достук алака түзүшкөнүн белгиледи.

Тема боюнча

Түштүк Кореянын президенти Ормуз кысыгына аскер жөнөтпөй турганын билдирди

Түштүк Кореянын президенти Ормуз кысыгына аскер жөнөтпөй турганын билдирди

18.09.2026

Ал азыркы учурда кореялык компаниялардын Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгуусу активдешип, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы алмашуу кеңейип жатканын баса белгиледи.

“Алмашуулар жана кызматташтык активдешкен шартта, өткөн жылы биринчи жолу биздин өлкөлөрдүн борборлору ортосунда авиакаттам ишке киргизилген. Биздин өкмөт Европа менен Азияны бириктирген көпүрө катары Борбордук Азиянын стратегиялык маанисин аныктады. Дал ошондуктан ушул жылдын июнь айында Борбордук Азия регионуна биринчи атайын дипломатиялык стратегиясы – “K-Silk Road” (“Кей – Жибек Жолу”) Корея – Борбордук Азия кызматташтыгынын демилгеси сунушталган”, — деп белгиледи Юн Сок Ёль жана Корея бул демилгенин негизинде региондогу маанилүү өнөктөш болуп саналган Кыргыз Республикасы менен мамилени чечкиндүү өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

Кореянын Президенти Президент Садыр Жапаров менен бирге дипломатиялык алака түзгөнүнө 32 жыл толгондон кийин анын деңгээлин Баарын камтыган өнөктөштүккө көтөрүү тууралуу макулдашканына басым жасады.

Юн Сок Ёль бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн ортосунда экономика, айлана-чөйрө, энергетика, жеткирүү чынжырлары жана башка ар кандай тармактарда өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров жылуу меймандостук үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түштүк Кореяны көп жылдар бою калыптанып калган, жыл сайын бекемделип келе жаткан достук жана өнөктөштүк мамилелер бириктирип турганын айтты.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Түштүк Кореяны Азия-Тынч океан аймагындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири экенин, өлкөлөрдүн ортосунда олуттуу пикир келишпестиктердин жоктугу эки тараптуу форматта да, көп тараптуу аянтчаларда да кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө жагымдуу шарттарды түзөрүн белгиледи.

Ал саясий диалогду, анын ичинде өкмөттөрдүн жана парламенттердин деңгээлинде өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Аймактардын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган “K-Silk Road” (“Кей – Жибек Жолу”) демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Президент бул демилгени колдоорун баса белгилеп, Кыргызстан аны ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин ишендирип өттү.

“Келерки жылы биздин өлкөлөрдүн президенттеринин саммитин өткөрүү саясий жана экономикалык кызматташтыкты эң жогорку деңгээлде мындан ары тереңдетүүгө болгон маанилүү кадам болот. Аймактарыбыздын ортосундагы байланышты кеңейтүүгө багытталган Сиздин «Кей – Жибек Жолу» (K-Silk Road) демилгеңизди толугу менен колдойм”, – деп, Садыр Жапаров аракеттерди бириктирүү менен гана заманбап чакырыктарды, глобалдык көйгөйлөрдү жеңип, артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө болорун айтты.

Өз сөзүндө Кыргызстандын Президенти кыргыз жаштарынын корей маданияты менен тилине болгон кызыгуусу артып жатканын, ошондой эле билим берүү тармагында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Корея Республикасы менен экология жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен “жашыл долбоорлорду” ишке ашырууга жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Ал Корея тарапты 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырып, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилей кетти.

Президент Садыр Жапаров жетишилген макулдашуулар кыргыз-корей мамилелерин мындан ары чыңдоого негиз болот деген ишенимин билдирип, Президент Юн Сок Ёлду Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: кыргыз-корей кызматташтыгыТүштүк Корея
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Түштүк Корея Украинадан Түндүк Кореянын туткундалган аскерлери тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн кечирим суроону талап кылды

Түштүк Корея Украинадан Түндүк Кореянын туткундалган аскерлери тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн кечирим суроону талап кылды

02.10.2026
Түштүк Кореянын президенти Ормуз кысыгына аскер жөнөтпөй турганын билдирди

Түштүк Кореянын президенти Ормуз кысыгына аскер жөнөтпөй турганын билдирди

18.09.2026
Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

17.09.2026
А. Исмаилова: “ Бул саммит Корея Республикасы менен Борбор Азия кызматташтыгынын жаңы деми”

А. Исмаилова: “ Бул саммит Корея Республикасы менен Борбор Азия кызматташтыгынын жаңы деми”

16.09.2026
Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

Президент С. Жапаров Кореяга расмий сапар менен барат

14.09.2026
Түндүк Корея баллистикалык ракета учургандан кийин Түштүк Кореяда шашылыш жыйын өттү

Түндүк Корея баллистикалык ракета учургандан кийин Түштүк Кореяда шашылыш жыйын өттү

12.08.2026
Түштүк Кореядагы АКШнын аскердик базасында ак фосфор сыртка чыгып кетти

Түштүк Кореядагы АКШнын аскердик базасында ак фосфор сыртка чыгып кетти

29.07.2026
Түндүк Корея Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусун талкуулашы мүмкүн

Түндүк Корея Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусун талкуулашы мүмкүн

21.05.2026
Корея Каракум каналын жакшыртууга жана Түркмөнстандын темир жолдорун модернизациялоого даяр

Корея Каракум каналын жакшыртууга жана Түркмөнстандын темир жолдорун модернизациялоого даяр

13.05.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.