“Борбордук Азия – Корея Республикасы” биринчи тарыхый саммитине катышуу үчүн Президент Садыр Жапаров Сеул шаарына расмий сапары менен барды.
“Борбордук Азия – Корея” форматы 2007-жылы түзүлгөн. Бул формат буга чейин министрлер деңгээлинде гана өтүп келген. Быйыл алгачкы жолу мамлекет башчыларынын деңгээлине көтөрүлүп, эки тараптуу саясий жана экономикалык мамилелерде жаңы барак ачылууда.
Бул тууралуу Кыргызстандын Корея Республикасындагы мурдагы элчиси Аида Исмаилова Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” программасындагы “Борбордук Азия -Корея саммити: Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген теманын негизиндеги талкуу учурунда билдирди.

“Борбордук Азия – Корея Республикасы” кызматташтык форматы алгачкы ирет 2007-жылы негизделген. Өз тарыхында бул аянтча буга чейин тышкы иштер министрликтеринин деңгээлинде гана өтүп келсе, быйыл биринчи жолу мамлекет башчыларынын деңгээлине көтөрүлдү. Бул Борбор Азия менен Түштүк Кореянын ортосундагы алакаларды жаңы баскычка чыгарган маанилүү тарыхый жана саясий иш-чара болуп саналат.
Буга чейин, 2024-жылдын декабрь айында, президент Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга болгон расмий сапары ийгиликтүү өткөн. Анын алкагында тараптар ортосунда жалпы баасы 563 миллион долларды түзгөн 26 маанилүү келишимге кол коюлуп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылган”, – деди мурдагы элчи.
Анын сөзүнө караганда, Кыргызстандын Корея Республикасы менен эки тараптуу кызматташтыгы акыркы жылдары алакалары өзгөчө жанданган. Аталган өлкөгө 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстандын Тышкы иштер министринин, ошондой эле 2023-жылы Жогорку Кеңештин төрагасынын расмий сапары ийгиликтүү уюштурулган. Ал эми 2024-жылдын декабрында Президент Садыр Жапаровдун биринчи расмий сапары болгон.
Аида Исмаилова элчилик кызматта төрт жылдан ашуун иштеген жана бул жылдар аралыгында кыргыз-корей кызматташтык учурунда азыркы өтүп жаткан саммитке өзгөчө даярдыктар өткөн.
“Бул саммитти Түштүк Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын жаңы деми деп айтууга болот. Иш-чара саясий диалогду бекемдөө менен чектелбестен, ири долбоорлорду жана инвестицияларды практикалык жүзөгө ашырууга багытталган. Себеби, кыргыз-корей кызматташтыгында эки тараптын тең терең кызыкчылыгы бар.
Өзгөчө басым санариптештирүү тармагына жасалууда. 2024-жылы бул багытта эки тараптуу меморандумга кол коюлуп, жигердүү иштер башталган. Түштүк Кореянын алдыңкы компаниялары инновациялык технологияларды үзгүлтүксүз иштеп чыгып келишет. Анын алкагында бир катар маанилүү санариптик долбоорлор түзүлдү. Бүгүнкү күндө Кореяда жасалма интеллект технологиялары эбак эле өнүгүп, дээрлик бардык тармактарга ийгиликтүү киргизилген”, – деп кошумчалады ал.
Кошумчалай кетсек, президент Садыр Жапаров кечээ, 15-сентябрда расмий сапар менен Корея Республикасына барды.
Сеул шаарынын аэропортунан мамлекет башчысын Кореянын климат, энергетика жана экология биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алган.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Кореянын жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондой эле ал “Борбордук Азия — Корея Республикасы” биринчи саммитине жана бизнес-саммиттин сессиясына катышат.
Сеулда өтүп жаткан “Борбордук Азия – Корея Республикасы” биринчи тарыхый саммитине жалпысынан 6 мамлекеттин президенттери катышууда.


















