Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Балдар суицидден тышкары булинг жана кипербулинг абалына кабылууда

  • Аналитика
  • 25.11.2024 11:34

Loading

Өткөн айда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Жусуп Турусбеков атындагы орто мектепте 8-класстын окуучусу Ариет Абакиров асынып алган.  Анын жакындарынын божомолунда, жогорку класстын балдарынын кысымчылыгынан болушу мүмкүн. Анткени өспүрүм ошол күнү чоң энесинен акча сурап кеткени айтылууда.

Бул маселени депутат Илимбек Кубанычбеков Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында көтөргөн.

Ал эми Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин ЖК комитетиндеги маалыматына ылайык,  Кыргызстанда мектеп окуучуларынын өз жанын кыюусу быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга азайган. “2023-жылы 10 айда 79 өспүрүмдө суициде фактысы катталса, быйылкы он айдын ичинде 75 бала өз өмүрүнө кол салган”, – деген маалымат берди министрдин орун басары.

Тема боюнча

Экипажды чарчаткан узак миссия: АКШнын учак ташыган «Авраам Линкольн» кемесинде 8 суицид аракети болгон

Экипажды чарчаткан узак миссия: АКШнын учак ташыган «Авраам Линкольн» кемесинде 8 суицид аракети болгон

25.09.2026

Аширходжаев билдиргендей, суициддин көптөгөн себептери бар. Рэкетчиликке кабылгандар мындай кадамга чанда барат. Көпчүлүк учурда бул үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөрдөн жана башка ар кандай себептерден болуп жаткандыктан мектептерде ИИБ жана социалдык кызматкерлер тарабынан түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп турат.

Билим берүү министрлиги эмне дейт?

Базар-Коргон районундагы Ж. Турусбеков атындагы орто мектептебинин 8-классынын окуучусу асынып алга окуя үстүбүздөгү жылдын 19 -октябрь күнү саат 2,3 төр чамасында болгон. “Ал өзүнүн мал баккан сарайында болгон. Баланы асынган абалында табышкан – деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбия иштери боюнча сектор башчысы Болот Иманалиев.

Учурда Базар-Коргон ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, азырыча баланын асынып алышына эмне себеп болгону айтыла элек. Бирок тергөө, иликтөө иштеринин экспертиза кылып жаткан учурда баланын моюнундагы тактан башка эч кандай зордук-зомбулкка тиешелүү тактар болгон эмес.

Мындан тышкары Б. Иманалиев Райондук билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматтарына таянып, аталган мектепте рекетчилик, кысым же дагы кандайдыр бир коркутуулар болбогондугун белгиледи.

Мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кандай иштер жүрүп жатат?

“- Билим берүү министрлигинин тарбия иштериндеги негизги багыттарынын бири бул – кылмыштуулуктун, суициддин жана башка терс жагдайлардын алдын алуу. Бул боюнча биз ар кандай иш чараларды өткөрүп, көзөмөл жүргүзөбүз” – деди Болот Иманалиев.

Ошондой эле  ар бир окуу жылынын башында Билим берүү министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана Социалдык өнүктүрүү министрликтери менен биргеликте ведомостволор аралык бекитилген иш пландын негизинде ар бир райондун ар бир мектебинде кылмыштуулуктун, суициддин алдын алуу боюнча иштер аткарылып тургандыгына кеңири токтолду.

“Бүгүнкү күндө балдарга бири-бирине кысым жасоонун жаңы терминдери пайда болду. Аларга булинг, кипербулинг деген терминдердин кириши”, – деди Б. Иманалиев.

Булинг жана кипербулинг деген эмне?

Булинг – бул агрессиялык кадамдардын кайталанышы. Агрессия – сөз аркылуу же физикалык күч колдонуу жана психологиялык жактан басынтуу түрүндө болушу мүмкүн. Агрессиянын жогоруда айтылган түрлөрү бир адамга же бир нече адамга дайыма  айтылып турат.

Буллинг – негизи бардык жабык уюмдарда бар. Мисалы, эмгек жамааттарында, армиядагы дедовщина да кирет.

Азыр айрыкча кибербулинг күч алууда. Мында курмандыкты интернетти колдонуп соц.тармактар аркылуу кордоо, кемсинтүү иш аракеттери жасалат. Көпчүлүк учурда чала тааныш, бейтааныш адамдарга карата анонимдүү түрдө адамдын аброюуна шек келтирген, кордогон, кемсинткен билдирүүлөрдү жазышат.

Айрым адамдар өзүнө болгон ишенимди өстүрүү үчүн башкаларды шылдыңдаш керек болот.
Кибербуллингдин формалары: интерттеги пост же сүрөттүн алдына жамандаган, кемсинткен, шылдыңдаган, кордоо сөздөрүнүн жазылышы кирет. Ошол эле учурда курмандыкка жеке кат аркылуу кемсинткен же анын сүрөтүн, ал катышкан видеону, маалыматты жайып жиберем деген коркутуулар да бар.

Буллингдин себептери

Жумушсуздук ички жана тышкы эмгек миграцияны пайда кылгандыктан, кароосуз калган балдардын да саны өскөн. Туугандарына же интернатка калтырылган балдар зордук-зомбулукка, эксплуатациялоого жана катаал мамилеге көбүрөөк кабылышууда. Ата-энесин көрбөгөн балдарда психологиялык, адептик-рухий жана социалдык көйгөйлөр пайда болгондуктан, мигранттардын интернаттагы балдарын «социалдык жетимдер» деп аташат.

Коомдогу адептик-руханий, экономикалык ж.б. кризистин мектептеги тарбияга терс таасиринен улам, алдуу окуучунун алсызга үстөмдүгүнүн негизинде балдардын арасында рэкетчилик нормага айланды. Мындан сырткары, толук эмес үй-бүлөдө чоңойгон балдардын тарбиясындагы кемчилигинин азабын мектеп, коом тартууда. Айрыкча балдар арасындагы депрессияны, суицидди буллинг күчөтөт. Эркек балдар физикалык, кыздар психологиялык (ушак аркылуу) жактан кысымга дуушар болушат.

Статистикасы боюнча өлкөбүздө 2021-жылга караганда 2022-жылы балдар кылмыштуулугу 33 пайызга, ал эми 2023-жылы 1,6 эсе жогорулаган. ЮНИСЕФтин изилдөөлөрү боюнча 2023-жылы окуучулардын 31,8% буллингге кабылган. Алардын 27,7% өздөрү буллер болгон.

Марьям Абдышукурова, балдар психологу:  “Бала суицидке барганга чейин белгилерди берет”

-Азыркы учурда кыздар, балдар да өтө бат жетилүүдө. Анын үстүнө өспүрүмдөр үйдөгү ата-эненин таасиринен мурда мектептен, досторунун арасынан жана сырткы чөйрөдөн көп таасир алып жатат.

Балдар суицидке барбаш үчүн мугалим менен ата-энелер бирдиктүү чогуу иш алып барышы керек.

Алардын өткөөл курагы толкун сымал. Алар өтө бат жетилгендигине байланыштуу аң-сезимдери ар башка.

Кээ бирөө туугандарынын үйүндө чоңойсо, айрымдары толук эмес үй-бүлөдө чоңойгондор. Же ата-энесинин биринин көзү өтүп кеткен учурлар бар. Айтор, ар кандай жагдайда өсүшү мүмкүн. Анан алар кандайдыр бир басынтууларга, шылдыңдоолорго кабылып, айтпай жүрө беришип, кайсы бир убакта кутулуунун амалы менен тынчтыкты самап, андан кийин өзүнүн жанын кыюуга барышат.

Азыркы учурда ата-энелер тиричилик, жумуш менен алектенип жүрүп, баланын жан-дүйнөсүндө эмне болуп жаткандыгынан кабары болбой калган учурлар бар. Ата-эне баланын кийими бар, тамак-ашы жетиштүү деген ой менен сырткы социалдык абалы менен эсептешип, анын жан дүйнөсү менен эсептешпейт. Негизи ушул өткөөл курактан жакшы өтүп кетиш үчүн 2-3-класстан баштап сүйлөшүп, анын тарткан сүрөтүнө, кол жазмасына ошондой эле мектепте балдар менен өзүн кандай алып жүрөөрүнө көнүл буруп, мугалим менен тыгыз иштешиш керек. Мына ушундай ыкма балдардын өткөөл курагынын жеңил өтүшүнө шар түзөт.

Эгер башталгыч класстарда эле басынтууларга, орой мамилелерге же сырткы күчтөргө дуушар болуп калса, жабыркап кетишет. Мындайда бала өзүн жалгыз сезип, эч кимге кереги жок эсептеп калат. Мына ушундай жагдайда башка жол издеп “башкалар жашасынчы” деген пикирге келет.

Өспүрүмдү мындай кадамга жеткирбеш үчүн ата-эне мугалим менен байланышта болуп туруусу кажет. Сурап эле кетип калбай, окуучунун өзүн алып жүрүүсү, сабагынан жетишкен же жетишпеген жактарына да көңүл бурулуусу керектелет. Себеби, балдардын энергиясы бири-бирине бат сиңет. Класска жаңы бала келсе, аны көргөн башкалары түзөлүп кетиши мүмкүн же тескерисинче мамилелери өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Негизи суицидке бара турган баланы ата-энеси, мугалими алдын ала билсе болот. Анын сөзү, өзүн алып жүрүүсү, тамакка болгон табити башкача болуп, кала берсе кол жазмасы да өзгөрүп калат. Ошондой эле булардын тарткан сүрөттөрүнөн, көргөн кинолорунан сүйлөшкөн досторунан да байкап, мунун алдын алса болот.

“Согуш башталганга чейин, согуштун алдын ала бил” дегендей, бала суицидке барганга чейин белгилерди берет. Досторуна кат жазат, кино көрөт, сүрөт тартып баштап депрессияга түшөт. Өзүн башка дүйнөдө сезет.
Ошондуктан бала суициддке барбаш үчүн кичинекей кезинен эле ата-энелер телефон берип жалгыз калтырбастан, эмне пайда же зыян дегенди түшүндүрүш керек. Бала мына ушундай көңүл буруудан көп таасир алат.

Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, азыркы учурда психологиялык жактан жабыркаган балдар көп. Алардын кээ бирине медицина диогноз койсо, кээ бирөөнө диагнозу жок ооруган балдардын саны көбөйүп баратат. Карай келсең айрымдары тукум куучулук болсо, дагы бирөөлөр баласын сүйлөбөй жатат же баспай жатат деген ой менен өздөрү ой келди дарыларды берип атып баласын оорукчан кылып алган адамдар да кездешет.

Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: булингмектеп рекетчилигисуицид
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Г. Бапаева: “Бир ай ичинде беш өспүрүмдүн набыт болушу коомдогу терең кризисти ачыкка чыгарды”

Г. Бапаева: “Бир ай ичинде беш өспүрүмдүн набыт болушу коомдогу терең кризисти ачыкка чыгарды”

28.09.2026
Экипажды чарчаткан узак миссия: АКШнын учак ташыган «Авраам Линкольн» кемесинде 8 суицид аракети болгон

Экипажды чарчаткан узак миссия: АКШнын учак ташыган «Авраам Линкольн» кемесинде 8 суицид аракети болгон

25.09.2026
Лейлекте 7 аял өз өмүрүн эмнеге кыйды?

Лейлекте 7 аял өз өмүрүн эмнеге кыйды?

07.12.2023

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.