Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев премьер-министрликке Абдулла Ариповдун талапкерлигин көрсөткөнүн өлкө башчынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
«Бул талапкер өкмөттүн алдында турган орчундуу маселелерди чечүү боюнча министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштура алат жана бирдиктүү максатка жетүү үчүн өкмөт мүчөлөрүн, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерин бириктире аларына ишеним билдирилди», – деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 19-ноябрда Өзбекстандын өкмөтү Олий Мажлистин шайланган курамына болгон ыйгарым укуктарын тапшырган.
Ошол эле учурда мамлекет башчынын тиешелүү жарлыгынын негизинде өкмөттүн ишинде ырааттуулукту жана үзгүлтүксүздүктү камсыздоо максатында азыркы министрлер кабинети жаңы курам түзүлгөнгө чейин ишин улантат.


















