Өзбекстандын министрлер кабинети Олий Мажлисинин шайланган курамына чейин отставкага кетти, деп билдирди премьер-министрдин басма сөз катчысы Бекзод Хидоятов.
Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзамдын 7-беренесине ылайык, министрлер кабинети Олий Мажлистин алдында отставкага кетиши керек», — деп айтылат Хидоятовдун Telegram каналында.
Ошол эле учурда президент Шавкат Мирзиёевдин тиешелүү жарлыгынын негизинде өкмөттүн ишинде ырааттуулукту жана турукттуулукту камсыздоо максатында азыркы министрлер кабинети жаңы курам түзүлгөнгө чейин ишин улантат.
Эске сала кетсек, Танзила Нарбаева 19-октябрда Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагалыгына кайрадан шайланган. Аны менен бирге төраганын орун басарлыгына Содик Сафоев менен Аманбай Орынбаев кайра шайланды.




















