Рим папасы Франциск Газа тилкесиндеги окуялардын “геноцид” аныктамасына туура келерин аныктоо үчүн иликтөөнү талап кылды.
Бул тууралуу ал келерки аптада чыга турган “Үмүт эч качан көңүлүн калтырбайт: Жакшыраак дүйнөгө зыярат” аттуу китебинде жазган.
“Кээ бир эксперттер айткандай, Газада болуп жаткан окуяларда геноциддин белгилери бар”, – деп жазат Рим папасы, “бул аныктама юристтердин жана эл аралык уюмдардын формулировкаларына туура келеби же жокпу, аны кылдат иликтөө керек”.
Ал Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаалдын татаалдыгын белгиледи.
Сионисттик режим геноцид боюнча бардык айыптарды четке кагууда. Кошумчалай кетсек, Израиль режиминин тышкы иштер министрлиги Папанын билдирүүлөрүнө азырынча комментарий бере элек.
















