Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Казакстан Ливандан өз жарандарын эвакуациялаганын Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы, ошондой эле Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын көмөгү менен Казакстан Республикасынын жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Ливандан эвакуацияланды», — деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.
Казакстандыктар өз өлкөсүнө Стамбул жана Дубай аркылуу кайтып келишти. 17-октябрдан 31-октябрга чейин 41 адам Астана жана Алматыга кайтарылган.
Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Ливанда жана Израилде жүргөн жарандарын байланышка чыгып, өлкөдөн чыгуу ниетин билдирүүгө чакырган.



















