Ойбек Усманов Өзбекстандын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
Дипломат 62 жашта. Ташкент мамлекеттик университетинин (азыркы Өзбекстан Улуттук университети) филология жана чыгыш таануу факультетин бүтүрүп, 2020-2024-жылдары Пакистанда элчи болуп иштеген.
Ойбек Усманов 1998-жылдан бери Тышкы иштер министрлигинин системасында, борбордук аппаратта жана Өзбекстандын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө түрдүү кызматтарда иштеген.
Кабулга дайындалганга чейин Египетте жана Пакистанда элчи, 2011-2012-жылдары Өзбекстандын тышкы иштер министринин орун басары болгон.



















