Израилдин Иранга жасаган соккусунан Иран армиясынын эки жоокери каза болгонун IRNA агенттиги өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө таянуу менен билдирди.
«Иран Ислам Республикасынын Армиясынын эки жоокери Ирандын коопсуздугун коргоо жана Ирандын элине жана кызыкчылыктарына зыян келтирбөө үчүн кылмышкер Израилдик режимдин чабуулуна каршы турууда шейит болду»,-деп айтылат маалыматта.
Билдирүүгө караганда, чабуулдун натыйжасында майор Жахандиде жана сержант-майор Шахрохифар каза болгон.

Эске салсак, 26-октябрда Израиль армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын аймагына сокку урган. Иран бийлиги Израилге жооп берүүгө даяр экенин билдирген.
Республиканын Абадан коргонуу күчтөрү Тегеран, Хузестан жана Илам провинцияларындагы аскердик борборлорго сокку урулганын билдирип, Абадан коргонуу күчтөрү чабуулдун мизин кайтарганын, чабуулдан чектелген гана зыян келтирилгенин белгилеген.



















