Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев БРИКС саммитине катышуу үчүн Казань шаарына учуп кеткенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
“Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 23-24-октябрда БРИКС саммитинин иш-чараларына катышуу үчүн Казань шаарына иш сапары менен барат”,- деп айтылат президенттин сайтында.
збек лидери Казанда инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүүгө жетишүү үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулайт. Дүйнөлүк саясаттын актуалдуу аспектилери да каралат.
Мирзиёев ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Эске сала кетсек, БРИКСтин саммити Казанда 22-октябрда башталган. Иш-чарага Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди да катышууну пландоодо. Бразилиянын президенти саммитке 3 күн калганда башынан жаракат алып, сапарын токтоткон.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров да 23-24-октябрда Татарстан Республикасына (Казань) БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
“Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында Казань шаарында БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны болот. Алдыдагы жыйынга көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.
Буга чейин дүйнөлүк маалымат каражаттары Түркия БРИКСке кирүүгө арыз бергенин жазган.



















